Биздин элдин эң башкы көйгөйү
Салам достор, кыскасы орусча айтканда "о наболевшем".
Адашпасам бир жума мурун тик-токтон "Тренды Кыргызстана" деген аккаунтан, биздин мамлекетибиздин эң башкы көйгөйү деген видеосун көрдүм. Негизи айтылган ойду колдойм, жана дагы башка маселелерди айта кетейин дегем.
Акыркы 10 жылда элибиз, чындыкты айтканда деградация болуп баштады, дин институту адамдардын турмуш-тиричилигине жана саясат тармагына барган сайын терең кирип жатат. Мындан тышкары, ал бизге кантип жашоо керектигин үйрөтө баштады жана бизди манкуртка айландырып, өз салт-дөөлөтүбүздөн жана кадимки турмуш-тиричилигибизден баш тартууга мажбурлап жатат. Мисалы, көз мончок жана жаңы төрөлгөн балдарга байыртадан бери тагылып келген билериктер, бул нерселер биз 3-4 кылым мурун кабыл алган диндин түшүнүгү боюнча ширк деп санала баштады.
Экинчи маселе - Тил. Бизде орустар, өзбектер жана башка улуттарды эсепке албай эле. Өзүбүздү кеп кылайлы. Азыр жаш муун эле эмес, жада калса жашы улуу инсандар, так, таза жана катасыз, башка тил менен чабыштырбай маектеше албай калды, бүкүл калк десем деле болот. Таза сүйлөгөн инсандар аябай аз. Өзүм дүкөндө сатуучу болуп иштейм жана көп учурда мындай көрүнүшкө туш болом: адам менен, айрыкча айымдар менен же жаш балдар менен сүйлөшө баштасам, мен жөн гана өз эне тилимде маектешкен үчүн мага кыя карашып, нааразы болуп, жинденип жооп беришет. Тактап кетейин, башка этностун эли эмес, өзүбүздүн эле кыргыз элибиз. Бул трендти treadsтен жакшы байкасак болот, мисалы: шаардын көчөлөрүн атын алмаштырган жөнүндө пост, шилтемеси бар:
https://www.threads.com/yrsque/post/DX9v-6DDG2d
Азырынча жетиштүү деп ойлойм дагы ойлор пайда болсо, кошумча жазам. Жана силер өзүңөрдүн ой-пикириңерди жаза кетсеңер ыраазы болмокмун!